Кыргыз Республикасы Ливия элине көңүл айтат

Кыргыз Республикасы Ливия мамлекетинде 2023-жылдын 10-сентябрында болгон табигый суу ташкындарынын кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Ливия элине терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин жана бардык дайынсыз жоголгондордун аман-эсен табылышын тилеп, оор сыноо саатын башынан өткөрүп жаткан Ливия элине сабырдуулук, кайраттуулук жана биримдикти чын дилден каалайт.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министригилинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты