Муаммар Каддафинин уулу Саиф Каддафи өлтүрүлгөнү маалымдалды

  • 1 неделя мурун

Ливиянын мурдагы башчысы Муаммар Каддафинин уулу Саиф аль-Ислам Каддафи өлтүрүлгөнүн Reuters агенттиги жеке булактарынын, адвокатынын жана ливиялык ЖМКнын айтуусу боюнча кабарлады.

Саиф Каддафинин кандай жагдайда өлтүрүлгөнү тууралуу маалыматтар бериле элек.    

“Аль-Хадат” сауд телеканалынын маалымдашынча, 53 жаштагы Саиф-аль-Ислам Ливиянын батышындагы Зинтан шаарынан анча алыс эмес жерде өлтүрүлгөн. Ал куралчан эки топтун кагылышуусунун курмандыгы болгондугу айтылат.    

Саиф Каддафинин саясий кеңешчиси Абдалла Отман ливиялык мурдагы лидердин уулунун өлтүрүлүшүн тастыктады, ал дагы окуянын чоо-жайын айткан жок.

Саиф аль-Ислам Каддафи -Муммар Каддафинин- Ливияны 1979-2011-жылдары башкарган мурдагы лидердин экинчи уулу. Саиф-аль-Ислам Каддафи мамлекеттик расмий кызматты аркалаган эмес, бирок режим кулаганга чейин  тышкы саясий сүйлөшүүлөрдү жана ички маселелер боюнча иштерди башкарып турганын жазышат.    

Муаммар Каддафинин бийлиги кулатылгандан кийин, уулу Саиф Каддафини кармап, кайра бошотушканы маалым болгон.  Ал саясий талаага кайтып келип, шайлоого катышууга ниеттенген, бирок шайлоолор болгон эмес.

2011-жылы Саид Каддафиге издөө жарыяланган.

Сүрөт: Саиф Каддафи. AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты