Кыргыз Республикасы ICSID Конвенциясын ратификациялады

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Америка Кошмо Штаттарына жумушчу сапарынын алкагында Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугушту.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы Жапаров ICSID конвенциясын (Инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борбор) ратификациялоо жөнүндө документти Дүйнөлүк банктын сактоосуна тапшырды. Муну менен эл аралык инвестициялык талаштарды чечүү боюнча дүйнөлүк алдыңкы институтка кошулуу процесси аяктады.

Ал белгилегендей, ICSIDге кошулуу туруктуу экономикалык өнүгүү үчүн трансчек аралык инвестицияларды жана сооданы пайдалануу боюнча биздин стратегиянын маанилүү элементи болуп саналат.

ICSID Конвенциясы чет өлкөлүк инвестициялар боюнча талаш-тартыштарды жөнгө салуу үчүн институционалдык жана укуктук базаны белгилейт. Ал арбитраж, жарашуу, ортомчулук жана фактыларды орнотуу үчүн көз карандысыз, саясаттан ажыратылган форумду камсыз кылуу аркылуу өлкөлөр ортосундагы инвестицияны илгерилетүү үчүн түзүлгөн.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты