Кыргыз Республикасы Fitch Ratings версиясы боюнча кредиттик рейтингин жогорулатты
- 3 недели мурун
Кыргыз Республикасына Fitch Ratings эл аралык рейтинг агенттиги тарабынан «стабилдүү» божомолу менен «В» кредиттик рейтинги берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымат жарыяланды.
Маалыматта айтылгандай, Fitch Ratings Кыргызстандын туруктуу экономикалык өсүшүн баса белгилеп, 2022-жылдан 2024-жылга чейин сооданын өнүгүшүнөн, капиталдын кириши жана курулуш секторуна инвестициялардан улам ИДП жылына 9% туруктуу өскөнүн белгиледи. Агенттик ошондой эле натыйжалуу салык чогултуу жана диверсификацияланган салык базасы менен шартталган 2023 жана 2024-жылдардагы бюджеттин профицитин баса белгилеп, өлкөнүн туруктуу фискалдык көрсөткүчтөрүн белгилеген.
Ошону менен бирге Fitch Ratings, энергетикага жана тоо-кен өнөр жайына инвестициялар, жагымдуу демографиялык тенденциялар жана экономиканы диверсификациялоо жана формалдаштыруу боюнча аракеттер Кыргызстандын орто жана узак мөөнөттүү экономикалык өсүшүн шарттайт деп болжолдойт.
Fitch Ratings – S&P Global Ratings и Moody’s. Рейтинги Fitch эл аралык рейтингдик агенттиктер менен катарлаш турган дүйнөлүк рейтинг агенттиги. Fitch Ratings рейтинги насыянын көлөмүнө, өлкөлөрдүн жана компаниялардын инвестициялык кызыктуулугуна, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча инвестор менен кредиторлордун чечимине таасир берет.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан