Кыргыз-орус славян университетинин эки кызматкери студенттерден мыйзамсыз акча талап кылгандыгы аныкталды

  • 6 месяцев мурун

Ельцин атындагы кыргыз-орус славян университетинин жооптуу кызматкерлеринин студенттерден мыйзамсыз акча талап кылуу фактысы аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта аталган университеттин кафедра башчыларынын бири О.Б.С. жана методикалык лаборант Ш.Ж.Б. экзаменге баа жана академиялык карыздарды жабуу үчүн студенттерден мыйзамсыз акча талап кылгандыгы айтылат.

Учурда бул факты боюнча мыйзамсыз аракетке катышкан башка жооптуу адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Учурда О.Б.С. жана Ш.Ж.Б. жумуштан бошотулганы маалым болду.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты