Кыргыз медиасынын үлгүлүү өкүлдөрү: Тамара Валиева

ТАМАРА ЭЖЕ ТАНДАГАН ЖОЛ

Автор: Канышай Мамыркулова 

… Агы менен көгү аралашкан кыргыз медиасынын күрөө тамырын кармап келе жаткандар тууралуу кеп жок, Ак үй менен Көк үйгө көптөн бери дегеле кыргыз журналистикасына тиешеси жоктор чакырылат, ошолор сый көрөт. Ага кошумча, коомчулук деле кыргыз журналистикасынын айдыңында чындап эле кимдер эмгек өтөп жаткандарын так биле бербейт. Муну мен айтпасам, башка кесиптештер айтып чыкпаса, ким айтат? Ушундай кесиптештерибиз кыргыз коомунун ак менен караны ажыратып, журналистиканын тармак катары жок болуп кетпей келе жатышына зор салым кошууда. Мындай кыз-келиндер кыргыз саясатынын күрөө тамырын кармаган, жарандык коомдун үлгүлүү өкүлдөрү десек да болот.

Алардын сап башында устатыбыз, тележурналист, Улуттук телеканалда 25 жылдан ашуун эмгектенген, Кыргызстандагы Интерньюс, ITC сыяктуу эл аралык уюмдарда зор тажрыйбасы бар, ар түрдүү баскычтагы маалымат-кызматтарда эмгектенип, жогорку окуу жайда жаш муундарга таалим-тарбия берген Тамара Валиева эжекебиз турат десек жаңылышпайбыз. 2016-жылы түзүлгөн көз карандысыз журналисттер бирикмесинин мүчөсү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды кароо комиссиясынын өкүлү катары Тамара Бектурсуновна бир канча жыл иш алып барды. Жыл башына чейин Кыргызстандын медиа-аракет Платформасын жетектеп, көз карандысыз журналисттердин башын кошуп, тынымсыз кыргыз журналистикасына, анда эмгектенген замандаштарга байланыштуу маселелерди көтөрүп келди. Айрыкча акыркы жылдары жалпыга маалымдоо каражаттарына тиешелүү мыйзам долбоорунун айланасында өтө көп эмгектенди. Тамара эже коом алдында жана кыргыз журналистикасында эмгектенип келе жаткан жаш муундардын алдындагы эч ким милдет жүктөбөгөн устат жана улуу муундун өкүлү катары өз ишин эң мыкты аткарып келүүдө. Биз муну ар дайым белгилөөгө тийишпиз. Мүмкүнчүлуктөн пайдаланып, кыргыз медиасынын мыкты өкүлү, устатыбыз Тамара Бектурсуновна эжеге бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалайбыз. Сиздин баскан жол бизге үлгү. Төмөндө Тамара Валиева эже менен чакан маекти сунуштайбыз…

КЫРГЫЗСТАНДА ЖУРНАЛИСТ КЫЗ-КЕЛИНДЕР ЗОР КҮЧ…

-Тамара эже, дүйнө дүрбөлөң түшкөн мезгилде жашап жатабыз. Сизди эне катары, адам катары, саясат менен коомдук иштерге өмүр бою аралашып жүргөн тажрыйбалуу устат катары кайсы жагдайлар түйшөлтүүдө? Кыргызстан дүйнөнүн бир бөлүгү катары мындай сыноолордон кандай тепкичтерди басып өтөт?

-Дүйнө бүгүн туруксуз: чындап келгенде баарыбыз күбө болуп отургандай, чыр-чатактар, экономикалык кыйынчылыктар, технологиялык өйдө-ылдый жагдайлар, экологиялык чакырыктар бардык энелер сыяктуу эле мен балдарыбыз менен неберелерибиздин келечеги үчүн түйшөлөм, алар кийин кандай жашашат, жашоолору коопсуз болуп, жашоодо өздөрүн таба алышабы? Адам катары, мени толкундаткан жагдай, коомчулук өтө чаржайыт, адамдардын керек болсо бири-бирине, тиешелүү институттарга ишенбей калгандыгы ойлонтот. Журналист жана жарандык активист катары, дезинформация жана сөз эркиндигин чектөө демократияга тоскоолдук келтирип жаткандыгын көрүп турам.
Кыргызстан аймагы чакан экендигине карабастан дүйнөнүн бир бөлүгү экендиги белгилүү жана көйгөйлөрүбүз дагы четте эмес. Бизге көз карандысыз институттарды бекемдөө, ЖМКлардын сөз эркиндигин коргоо, жарандык коомдун демилгелерин колдоо зарыл жана улуттук кызыкчылыктар менен глобалдык тенденциялардын ортосунда балансты табууга аракет кылууга тийишпиз. Мына ушундай жол менен гана биз ар кандай чакырыктарга туруштук берип, суверендүү, туруктуу өлкө катары сакталып калабыз. Эң ириде белгилеп кете турган жагдай, глобалдык чайпалууларга эффективдүү каршы туруу көз карандысыздыкты гана эмес, ошону менен катар мамлекеттик институттар менен бирге конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү кошо талап кылат. Мындай синергия тажрыйбалар менен ресурстарды бириктирүүгө шарт түзүп, оперативдүү чечимдер менен сынчыл анализдердин ортосундагы балансты камсыз кылууга негиз түзөт. Эң башкысы, өз ара кызматташтык көз карандылыкка өтүп кетпей, демократиялык процесстерди бекемдөөнүн күчтүү куралына айлануусу үчүн бул структуралардын көз карандысыздыгын сактап калуу болуп саналат. Мындай аракеттер мамлекеттик институттар менен көз карандысыз структуралардын ар түрдүү чакырыктарды жеңүү үчун бирге кызматташып, муну менен катар ар бири өзүнун уникалдуу ролун жана принциптерин сактап кала тургандыгын белгилейт. Бул, менин оюмча, зарыл жана жемиштүү аракет. Ар түрдүү структуралардын жана мамлекеттик институттардын өз ара аракеттенүүсү-бул ар бир инструмент өз алдынча ойнолуп, бирок, бирдиктүү гармония түзгөн мыкты оркестр сыяктуу десек болот…
-Кыргыз медиасынын учурдагы абалы түшүнүктүү. Алдыда кандай өзгөрүүлөр күтүп турат?
-Кыргызстандагы ЖМКлардын учурдагы абалын бир эле учурда чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр катары карасак болот. Бир жагынан, журналисттерге карата басым күчөп, жаңы мыйзамдык чектөөлөр кирип, экономикалык кыйынчылыктар жаралды. Экинчи жагынан, технологиялар көз карандысыз журналистиканын өнүгүшүнө, маалымат таратуунун жаңы форматтарына шарт түзүүдө. Келечекте, эки сценарий келип чыгуусу мүмкүн: же биз чоң цензурага кабылабыз же кесиптик журналистика басаңдап жана агитация күчөшү мүмкүн же болбосо, санариптик доорго ылайыкташып, сөз эркиндигин коргоо күч алып, медиага жаңы импульс бере алабыз. Мен коомчулуктун ичинде өз ара түшүнүшүү, укуктук жактан сабаттуу коргоо жана аудиториянын каржылык жана көңүл буруу жагынан колдоосу өз деңгээлинде болсо, экинчи вариант мумкүн деп ишенем…
-Кыргыз медиасындагы укуктук, социалдык маселелер тоодой, анын ичинде ушул тармакта эмгектенген кыз-келиндердин иш-аракеттерине кандай баа бересиз?
-Кыргызстандагы журналист кыз-келиндер зор күч. Алар күчтүү иликтөөлөрдү жасап, катаал шарттарда иш алып барып, социалдык маанилүү маселелерди көтөрүшөт. Бирок, ошону менен катар кош стандарттарга, коркутууга, дискриминацияга туш болушат. Ушуга карабастан медиадагы кыз-келиндер болуп көрбөгөндөй чыдамкайлыкты көрсөтүшүүдө.
Алардын укук коргоо жаатындагы демилгелери, онлайн-долбоорлору жана салттуу ЖМКлардагы активдүүлүгү өсүүдө. Ошого карабастан аларга карата коргоонун механизмдери, эмгектин ачык шарттары зарыл, эң негизгиси, алардын ар бири кайсы медиада иштегендигине карабай өздөрүн коопсуз сезиш үчүн кесиптик ички коомчулуктун тилектештиги жогору болууга тийиш… 

Автор: Канышай Мамыркулова, эркин журналист

Сүрөттө: Тамара Валиева. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты