Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын окутуучусу пара алууга шектелип кармалды
- 1 месяц мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 8-октябрда тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (ири өлчөмдө опузалап пара алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын КММА) 1987-жылы туулган Д.Н.Д. аттуу окутуучусу окуу жайдын студенттеринен 150 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, кармоо учурунда усулканада А.А. аттуу окуу жайдын студенти болгон. Аны тинтүү учурунда жанынан 100 миң сом табылган. Белгилей кетсек А.А. алдын ала суракта акчалардын өзү окуган окуу тайпасындагы студенттерден чогултулганын, ошондой эле алдыдагы кышкы сессия мезгилиндеги экзамендерди оң жагына тапшыруунун кепилдигин камсыз кылуу максатында акчаны Д.Н.Д.га берүүнү көздөгөндүгү тууралуу көрсөтмө берген.
Буга чейин, УКМК тарабынан Д.Н.Д. кызмат абалынан пайдаланып, студенттерден экзамендердин оң жыйынтыгы үчүн акча талап кылып, эгер бербесе зачет тапшыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, экзаменден алган упайларын төмөндөтүп салаарын айтып коркуткандыгы аныкталган.
Алынган ыкчам маалыматтарга ылайык Д.Н.Д. студенттер менен иш жүзүндө сабак өткөргөн эмес жана бекитилген окуу планын толук аткарган эмес. Мындан тышкары, ал пара алуу максатында студенттердин экзамендик упайларын атайылап төмөндөткөн деген божомолду айттууга болору белгиленди.
Д.Н.Д. кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




