Кыргыз-кытай чек арасында жер титиреди
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 2-ноябрда, саат 11:50дө кыргыз-кытай чек арасында очогунда 5 баллга жакын жер титирөө болду.
Бул тууралуу сейсмология институту билдирди.
Жер титирөөнүн очогу кыргыз-кытай чек арасында, Эңилчек айылынан 43 чакырым, Каракол шаарынан түштүк-чыгышынан 110 чакырым алыстыкта болгон.
Жер титирөөнүн күчү Таш-Короо, Кургак, Эңилчек, Бедел айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү