“Кыргыз курорттуризм” башкармалыгынын жетекчисинин орун басары коррупцияга шектелип кармалды

  • 2 года мурун

«Кыргызкурорттуризм» башкармалыгынын башчысынын орун басары А.М.Д.  2012-жылдан 2021-жылдар аралыгында Кыргызстан профсоюздарынын Жалал-Абад санаторийинин директору кызматында иштеп жатканда мекемеден мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын алып чыгуу жана жеке баюу боюнча кылмыштуу схема уюштургандыгы аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.   

Кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында кармалган адам көрсөтүлгөн убакытта Жалал-Абад санаторийине 42 миллион сомдон ашык зыян келтиргендиги аныкталды.

Аталган адам кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты