“Кыргыз котормо” платформасында он тилден кыргыз тилине которуу мүмкүнчүлүгү пайда болду
- 5 месяцев мурун
“Кыргыз котормо” улуттук платформасында он тилден кыргыз тилине жана кыргыз тилинен он тилге которуу мүмкүнчүлүгү пайда болгонун “Кыргыз тил” комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында, бүгүн, 28-февралда билдирди.
-Улуттук платформада “Кыргыз котормону” иштеп чыктык. Бул Google Translate жана «Яндекс переводчик» сыяктуу, ошонун үлгүсү же аналогу деп коелу, бирок өзүбүздүн улуттук платформада жайгаштырылат дагы, бул учурда дүйнөлүк он тилден биздин кыргыз тилине которуу кызматы жана кыргыз тилинен ошол он тилге которуу кызматтары каралды. Көпчүлүгү Google менен иштеп көнүп калдык, Яндекс деле жакшы которуп калды, анын эмне зарылдыгы бар деп суроо берип калат, бирок бул жерде бир өзгөчөлүк бар. Улуттук платформада жайгаштырылган ушул котормо кызматты биздин бардык мамлекеттик жана башка менчик сайттарын дагы котормо функциясын кошуу мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы Google же Яндекс менен Кыргызстандын зонасындагы мамлекеттик кызмат же жеке сайттарга андай функцияны кошо албайбыз. Ал эми улуттук платформада жайгашкан функционалны каалаган сайтка которуп, ошол сайттан чыкпай туруп, каалаган текстти которууга мүмкүнчүлүк болот., -деди Мураталиев.
Программалык аппарат төмөнкү 10 тилде которот: Орус, англис, немис, испан, француз, италиян, кытай, түрк, корей жана жапон тилдерине.
Котормо платформасынын шилтемеси: https://translate.mamtil.gov.kg/translate/
Сүрөт: ЖК комитетиндеги видеодон.