Tunduk Travel санарип платформасын иштеп чыгуу маселеси талкууланды
- 4 недели мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынын өткөрдү.
Төрага белгилегендей, 2026-жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгында ички дүң продукциянын көлөмү (ИДП) 602,8 млрд сомду түзүп, 2025-жылга салыштырмалуу 12,4 пайызга өскөнүн белгиледи.
“Туризм тармагы дагы мейманкана, тамак-аш сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн курамына кирет. Бул темпти сакташыбыз керек” деди Касымалиев.
“Инфраструктуранын абалы, жолдордун сапаты, сервис маданияты жана туристтердин коопсуздугу бул мамлекеттин жоопкерчилиги жана аброю. Улуттук кеңеш бүгүн мамлекеттин туристтик саясатынын кийинки багытын аныктайт деп ишенем” деди МинКаб башчысы.
Улуттук кеңештин жыйынында негизинен төрт маселе каралды. Анын ичинде 2025-жылдагы туристтик тармактын жыйынтыктары, Tunduk Travel улуттук санарип платформасын иштеп чыгуу маселелери талкууланды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




