Си Цзиньпиндин “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” китебинин бет ачары өттү

  • 2 месяца мурун

Си Цзиньпиндин “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” китебинин бет ачар аземи өттү.

Иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө мамлекеттик катчы Арслан Койчиев аталган эмгек заманбап мамлекеттик башкаруу, реформаларды ишке ашыруу жана эл аралык кызматташтык маселелерин камтыган маанилүү басылма экенин белгиледи.

Мамлекеттик катчы ошондой эле мамлекеттик башкаруу, илимий жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүү эки өлкөнүн өз ара түшүнүшүүсүн бекемдей турганын белгиледи.

Ошондой эле Арслан Койчиев  китептин алгачкы үч тому кыргыз тилине которулганын, төртүнчү томдун котормосу аяктоо алдында экенин маалымдады.

Ал келечекте бешинчи томдун кыргыз тилине которулушу маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары да чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты