Кыргызстандыктар “Түндүк” порталы аркылуу 195 мамлекеттик кызматты онлайн ала алышат
- 3 недели мурун
Кыргызстандыктар “Түндүк” порталы аркылуу 195 мамлекеттик кызматты онлайн режиминде ала алышат.
Бул тууралуу 15-майда, Казакстандын Түркстан шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бейформал саммитинде сөз сүйлөдү.
-Жарандарга электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы саны беш жыл ичинде 67 миллионду түзсө, анын ичинде соңку төрт айда гана 12 миллиондон ашты, — деди Садыр Жапаров.
Ал азыркы учурда Кыргызстанда кыймылсыз мүлк жана унаа каттоодон баштап, паспорт алуу жана башка мамлекеттик кызматтарга чейин үйдөн чыкпай туруп уюлдук телефон аркылуу жетүүгө болорун белгиледи.
“Түндүк” мамлекеттик кызматтар порталынын жалпы колдонуучулары 16 жаштан 55 жашка чейинки өлкө калкынын 80 пайызын түзөт.
Соңку беш жыл ичинде мамлекеттик органдардын электрондук операцияларынын көлөмү 5 миллиарддан, ал эми мамлекет менен бизнес арасындагы электрондук операциялар 1 миллиард 700 миллиондон ашты.
Бул көрсөткүчтөр санариптик технологиялардын күндөлүк турмушубузга терең интеграцияланып баратканынын белгиси,- деп белгиледи президент.
Ал Кыргызстанда санариптик трансформация активдүү илгерилеп, анын ичинде билим берүү жана технологиялар тармагында олуттуу кадамдар жасалып жатканын айтты. Бардык мектептер жогорку ылдамдыктагы интернетке туташты, жогорку окуу жайларда заманбап билим берүү программалары ачылып, жасалма интеллект жаатында инфраструктураны жана ченемдик базаны өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Мамлекет башчысы санариптик финансылык технологиялардын жана виртуалдык активдер рыногунун өнүгүшүнө көңүл бурду. Ал Кыргызстан жаңы финансылык ыкмаларды киргизүү, криптоиндустрияны өнүктүрүү жана тиешелүү укуктук базаны түзүү боюнча кадамдарды жасап жатканын билдирди.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана санариптик жана инновациялык технологиялар жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.
Ал Евразиянын жүрөгүндө жайгашкан аймактын стратегиялык маанисин белгилеп, анын транспорттук жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу үчүн макулдашылган аракеттердин зарылдыгына токтолду. Транспорттук коридорлорду санариптик платформалар менен бириктирүү түрк мамлекеттерине дүйнөлүк жүк ташуу системасында маанилүү орунду ээлөөгө мүмкүндүк берет.
Ошондой эле Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ТМУнун атайын кеңешин түзүү жөнүндө биргелешкен демилгеси тууралуу билдирди, анын алкагында эл аралык издөө жана маалымат алмашуу боюнча санариптик системаны ишке киргизүү каралган.
Мындан тышкары, президент электрондук кол тамгаларды өз ара таануу жөнүндөгү Келишим долбоорунун маанилүүлүгүн белгилеп, аны түрк мамлекеттеринин ортосунда бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүү жолундагы маанилүү кадам деп атады.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




