Кыргыз-казак өкмөт башчылары протоколго кол коюшту

  • 2 года мурун

Бишкек шаарында кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйыны өтүп, анын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, кол коюлган документке ылайык, тараптар Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин 26-майда Кыргыз Республикасына боло турган расмий сапарын уюштуруу жана өткөрүү маселелерин кеңири талкуулашты.

Тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты, өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу жана биргелешкен ишканаларды түзүү аркылуу мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Өкмөттөр аралык кеңеш Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарына экономиканын артыкчылыктуу тармактарында келечектүү инвестициялык долбоорлордун реестрин түзүү жолу менен инвестициялык кызматташууну активдештирүүнү тапшырды.

Тараптар «Ак-Тилек» (Кыргыз Республикасы) жана «Карасу» (Казакстан Республикасы) автожол өткөрүү пункттарынын аймагында индустриалдык соода-логистикалык комплексин куруу долбоору боюнча меморандумга кол коюу маселесин иштеп чыгууну жана аталган аймакта, ошондой эле тараптардын эркин экономикалык зоналарында биргелешкен өндүрүш түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашты.

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш чөйрөсүндөгү кызматташтык алкагында тараптар маалымат технологиялары, коммуникация, электрондук өкмөт, ошондой эле IT адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу жана долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашышты.

Ошондой эле Кеңештин кезектеги 11-отурумун 2023-жылы Казакстандын аймагында өткөрүү макулдашылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты