Кыргыз-казак чек арасында  илбирс терисин алып өтүүгө аракет кылган учур катталды

  • 2 года мурун

Чүй облусунун Чалдыбар айылынын Казакстан менен чектеш аймагында илбирс терисин алып өтүүгө аракет кылган учур катталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, чек ара ыйгарым укуктуу өкүл кап көтөргөн шектүү жаранды байкап калган. Бул тууралуу чек арачыларга кабар берип, өзү ал кишини кууп жетүүгө аракет кылган. Кап көтөргөн жаран жүгүн ыргытып жиберип, качып кеткенге үлгүргөн. Текшере келгенде мүшөктөн илбирстин териси менен башы табылган. Учурда шектүүнү аныктап-издөө иштери жүрүп жатат.

Илбирс – жоголуп кетүү коркунучундагы жапайы жаныбар, Кызыл китепке кирген жана Кыргызстанда мыйзам менен корголот.

Соңку маалыматтарга ылайык, өлкөдө илбирстин саны 300дөн 350гө чейин деп эсептелген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты