Кыргыз-казак айтышы: Жеңишбек Жумакадыр жана Айтпай Жумагулов кош байге алышты

  • 2 года мурун

Кыргыз-казак айтышында  баш байге Жеңишбек Жумакадыр жана казак акыны Айтпай Жумагуловго ыйгарылды.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министирлигинин басма сөз кызматы билдирди.

31-августта Бишкекте Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына жана төкмө акын Замирбек Үсенбаевдин 70 жылдыгына карата эл аралык кыргыз-казак айтышы болуп өттү.  

Баш байгеге ээ болгон эки төкмө акынга 350 миң сом өлчөмүндө кош байге тапшырылды.

Маалыматка ылайык, 1-орунду кыргыз акыны Баян Акматов  жана казак акыны Данияр Алдаберген алып, 200 миң сом кош байгеге ээ болду.

Ал эми  2-орунду кыргыз акыны Мамбеттокто Мамбеторозо менен казак акыны Аспанбек Шугатаев ээлеп, 125 миң  сом кош байгеге татыды.

Кыргыз акыны Асылбек Маратов жана казак акыны Алтынбек Ибрагимов 3-орунга  татып, 100 миң сом кош байгенин ээси болушту.  

Айтышка катышкан башка акындарга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылган.

Сүрөт: Министрликтин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты