Тоң районунун 90 жылдыгы: Айтыш өнөрү жыйынтыкталды

  • 2 месяца мурун

Тоң районунун 90 жылдык мааракесине карата төкмө акындардын республикалык айтыш өнөрү жыйынтыкталды.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Тоң районунда өткөн маданий иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан келген төкмө акындар катышты.

Республикалык айтыштын жүрүшүндө акындар элдин тарыхын, нарк-насилин, улуттук баалуулуктарын, мекенге болгон сүйүүсүн жана бүгүнкү коомдогу актуалдуу маселелерди төгүлүп ырдоо менен көрүүчүлөргө тартуулашты.

Маданий иш-чаранын жалпы байге фонду 1 миллион сомду түздү.

Жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: Баш байгени Турат Жумаев жана Кутман Садыбакасов жеңип алды. 1-орун Эсенбек Кийизбаев менен Арген Биймырза уулу.на ыйгарылды. 2-орун Баян Акматов менен Ажыбек Дүйшө уулу, 3-орун Жылдызбек Төрөканов менен Нурсултан Малдыбаев ээледи.

Сүрөт: Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты