Астанада кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин чакан курамдагы жолугушуусу өттү

  • 3 недели мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 13-ноябрда Астана шаарына жумуш сапары менен барды. Ушул күнү Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйынынын чакан курамдагы жолугушуусу болуп өттү.

«Нурсултан Назарбаев” эл аралык аэропортунан Адылбек Касымалиевди Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйынынын чакан курамдагы жолугушуусу болуп өттү. Жыйын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун төрагалыгы алдында өттү.

Тараптар соода-экономикалык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин карашты.

Сүрөт:gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты