Кыргыз хоккейчилери сыйланды  

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 15-майда, президент Садыр Жапапровхоккнй боюнча Улуттук курама команданы кабыл алып, аларга сыйлыктарды тапшырды.  

Мамлекет башчы Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Түркияда өткөн хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионатта тарыхый жеңишке жетишкенин белгиледи.

«Силердин өжөрлүгүңөрдүн, талыкпаган эмгегиңердин жана командалык духтун аркасында Кыргызстан тарыхта биринчи жолу дүйнөлүк чемпионаттын экинчи дивизионунун «Б» тайпасына чыкты»деп белгиледи президент.

Садыр Жапаров өткөн чемпионатта өзгөчө жетишкендиктерге жеткен айрым хоккейчилерге токтолду: мыкты чабуулчу деп табылган Исламбек Абдыраев, Кузьма Терентьев — мыкты коргоочу жана команданын капитаны Мамед Сейфулов — мелдеш учурунда эң көп упай топтогон оюнчу аталды, ал 18 шайба киргизип, Израил спортчусунун буга чейинки көрсөткүчүнөн ашты.

Мамлекет башчысы ошондой эле 2022-жылы Бишкекте өткөн Дүйнө чемпионатынын 4-дивизионунда улуттук курама төрт команданы жеңип, 1-орунду камсыз кылуу менен дүйнө чемпионатынын 3-дивизионунун «Б» тайпасына көтөрүлгөнүн эске салды.

«Силер өзүңөргө жана дүйнөгө кыргыз хоккейи бар экенин далилдеп гана тим болбостон, анын тез өнүгүүсүн, жаңы бийиктиктерге даярдыгын көрсөттүңөр. Биз силердин жеңишке болгон эркиңерге, биримдигиңерге, Кыргызстандын желегине берилгендигиңерге суктанабыз»деди Жапаров.

Ал ошондой эле Хоккей федерациясынын жетекчилигине, машыктыруучулар курамына, медицина кызматкерлерине жана техникалык кызматкерлерге – спортчулардын ийгилигинин артында тургандардын бардыгына ыраазычылык билдирди. Президент бүгүнкү күндө Кыргызстанда хоккей эң ыкчам өнүгүп жаткан жана ийгиликтүү командалык спорттун бири болуп калганын баса белгиледи.

Сыйлоо аземинде мамлекет башчы акчалай сертификаттарды тапшырды: Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын оюнчуларына — 600 миң сомдон, машыктыруучуларга — 800 миң сомдон, медицина кызматкерлери менен техникалык кызматкерлерге — 200 миң сомдон. 

Кыргыз хоккейчилери сыйланды  
Кыргыз хоккейчилери сыйланды  
Кыргыз хоккейчилери сыйланды  

Cүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты