Кыргыз эл артисти Токтобек Сатаров 77 жашында дүйнөдөн кайтты

  • 12 месяцев мурун

Кыргыз Республикасынын эл артисти Токтобек Сатаров 77 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Жантөшев атындагы облустук музыкалык театрдагы кесиптештери билдирди.

Токтобек Сатаров 1948-жылы Тоң районунун Бөкөмбаев айылында туулган. 1968-жылы айылындагы орто мектепти аяктаган. Москвадагы Луначарский атындагы театралдык институттун актердук факультетин 1972-жылы бүтүрүп, жогорку билимдүү актердук кесипке ээ болгон.

Актердук эмгек жолун Ош кыргыз драма театрынан баштаган. Ал Токомбаевдин “Күндүн чыгышында” (Шабданов), Шекспирдин “Он экинчи түнүндө” (Мольвелио), Абдумомуновдун “Ашырбайында” (Дадый), Ауэзовдун “Кара көзүндө” (Нарша), “Абайында” (Абай), Жакиевдин “Миң кыялында” (Эгемберди), Айтматовдун “Танабайында” Сегизбаевдин, “Бетме-бетинде” Мырзакулдун, Касымалы Жантөшевдин “Курманбегинде” капитандын, Садыковдун “Эр Төштүгүндө” Эр Төштүктүн, “Ак мөөрүндө”  Жантайдын, Гапаровдун “Кар астындагы алчаларында” Касым Алиевичтин, “Туздуу чөлүндө” президенттин ж.б. ролун аткарды.

Токтобек Сатаров 1994-жылдан 2003-жылга чейин Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалык драма театрында директор, көркөм жетекчи болуп эмгектенди.

1997-жылы Токтобек Сатаров «Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамына татыктуу болгон.  

Сүрөт: Ысык-Көл облустук музыкалык театры тараткан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты