Виктор Козодойдун “Шибер кыргыздарынын доору” аттуу китебинин бет ачары өттү  

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарында россиялык окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, профессор Виктор Козодойдун “Шиьер кыргыздарынын доору” -«Цивилизация сибирских кыргызов» аттуу китебинин бет ачары 10-ноябрда өттү.

Бул тууралуу мамлекет башчынын расмий сайтында маалымдалды.

Анда белгиленгендей, бет ачарга катышкан мамлекеттик катчы Марат Иманкулов Виктор Козодойдун эмгегинин руханий жана символикалык маанисин баса белгиледи. Анын айтымында, китеп жөн гана илимий изилдөө эмес, кыргыз элинин тарыхый мурасына болгон терең урмат-сыйдын жана маданий жандануунун көрүнүшү.

“Биз көрүнүктүү орус окумуштуусунун эмгеги аркылуу кылымдардын тереңинен кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн, руханий дүйнөсүнүн жана улуттук өзгөчөлүгүнүн башаттарын ачып берген тарых барактары аркылуу кайра жанданып жаткан учурдун күбөсү болуп турабыз. Бул китеп – мейкиндик менен убакыттын чегин жеңип өтө алган цивилизацияны жараткан ата-бабалардын мурасына болгон терең урмат-сыйдын көрүнүшү” деп белгиледи Иманкулов.

Президенттин тапшырмасы боюнча китептин автору, профессор Виктор Козодойго кыргыз элинин тарыхын изилдөөгө жана Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы гуманитардык байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирүү иретинде эстелик белек тапшырылды.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты