Кыргыз эл артисти Марат Алышпаев дүйнөдөн кайтты
- 3 года мурун
Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр корифейи Марат Алышпаев 75 жашында дүйнөдөн кайтты.
Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Марат Алышпаев 1947-жылы 17-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган.
1972-жылы А.В. Луначарский атындагы Москва театр искусство институтун аяктаган.
Марат Алышпаев түрдүү жанрдагы ролдорду мыкты аткарган, чыгармачылыгын коомдук иштер менен айкалыштыра билген актёр болгон.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү