Кыргыз эл артисти Бактыбек Мамытов менен коштошуу
- 1 year мурун
Бүгүн, 21-майда, Бишкек шаарында Кыргыз эл артисти, Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн легендасы, диктор Бактыбек Мамытовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Бактыбек Мамытов узакка созулган оорудан кийин 20-майда 72 жаш курагында көз жумган.
Расмий некрологдо айтылгандай, Бактыбек Мамытов 1950-жылы Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылында төрөлгөн. 1967-жылы Чүй районунун “Октябрь” айылындагы орто мектепти аяктап, совхоздо эмгек жолун баштаган. 1971-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган.
1975-жылдын мартында Кыргыз ССРинин Телерадио комитетине диктор болуп жумушка алынган. Дээрлик 40 жылдан ашуун аталган мекемеде эмгек өтөгөн.
Муну бөлүшүү