Кыргыз эл артисти Асанкул Осмонов дүйнөдөн кайтты
- 2 года мурун
Бүгүн, 26-мартта, Кыргыз Республикасынын эл артисти, көрүнүктүү театр жана кино актеру Асанкул Осмонов 88 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Асанкул Осмонов 1935-жылы 1-мартта Нарын районунун Миң-Булак айылында туулган. 1954-жылы Каракол айыл чарба техникумун бүтүргөн. 1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз Республикасынын жалпы маданият күнүнүн декадасына катышкан. 1958-жылдан тартып Кыргыз академиялык драма театрынын актёру болуп иштей баштаган.
1990-жылы Асанкул Осмоновго Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы ыйгарылган.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 2023-жылдын 28-мартында Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында саат 10:00 до өтөт.
Муну бөлүшүү