“Кыргыз экспорт” мамлекеттик мекемеси түзүлдү

  • 8 месяцев мурун

“Кыргыз экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Бул чечим Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө кабыл алынды.

Борбордун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр белгиленди:

— өлкөнүн экспорттук дараметн стимулдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу, эл аралык жана региондор аралык тышкы экономикалык байланыштарын өнүктүрүү,  экспортту илгерилетүү жолу менен экономиканы диверсификациялоого көмөктөшүү;

-экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү менен байланышкан маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын, бизнес-коомчулуктардын, коомдук бирикмелердин, илимий жана башка уюмдардын координацияланышын жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу.

Сүрөт: МинКаб. басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты