Кырдаалга калыс баа берген жана маалыматты терең талдаган калемгерлер көп болсун. Президенттин куттуктоосу

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда, журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрүн маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. 

-Бүгүнкү күндө коомчулукка маалымат таркатуунун жаңы ыкмалары, технологиялары артып, кулачын кеңири жайды. Салттуу журналистикага атаандаш болгон социалдык түйүндөр аркылуу коомдук пикирди жаратуу кадимки көрүнүшкө айланды. Мындай шартта маалымат таркатуучу болгон ар бир жаран коомчулукка пайда келтирем деген аруу ой-тилеги менен кошо тараткан ар бир сөзүнө да жооптуу экенин аңдап-билиши абзел.

Биздин максат — тартип жана мыйзам үстөмдүгү орногон укуктук коомго жетишүү, өлкөдө туруктуулукту камсыз кылып, өнүгүүгө бет алуу. Ар бир жаран, ал ким болбосун: мейли журналист, мейли блогер же катардагы жөнөкөй жаран, айтор баарыбыз бул багытта бир максатты көздөшүбүз кажет. 

Урматтуу журналисттер! Коомчулукта ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө болуп, заман талабын тереңден түшүнгөн, жаңы багыт, жаңы идея менен жаңы көз караштагы кабарларды даярдаган алдыңкы журналисттердин катары калыңдап баратканы кубандырат.

Биздин Мекенибиз – бул эгемендүү Кыргызстан! Баарыбыз ага астейдил мамиле, аздек сый-урмат кылып, элибиздин жашоосун жакшыртууну, мамлекетибизди алга сүрөөнү башкы милдет деп кабылдашыбыз керек. Албетте, Ата Мекен алдындагы мындай милдетти сиздер менен чогуу аткарабыз. Эркиндикти туу туткан өлкөбүздө кылдат ой жүгүрткөн, кырдаалга калыс баа берген жана маалыматты терең талдаган калемгерлер көп болсун,- деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Бүгүн, 7-ноябрда, Кыргызстанда маалымат жана басма сөз күнү белгиленип жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты