Кымбат баада жабдык сатып алуу боюнча “Инфокомдун” бөлүм башчысы кармалды

  • 11 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК)  мамлекеттик каттоо кызматына (азыркы СӨМ-Санариптик өнүктүрүү министрлиги) жабдыктарды жогорулатылган баада сатып алуу фактысы аныкталды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы маалымдады.   

Кылмыш ишинин алкагында, тендердин кээ бир катышуучулары менен сүйлөшүү менен  IT-жабдыктарды кымбат баада сатып алышкан. Ал эми алардын кээ бирлери иш жүзүндө сатып алынбай, жасалма түрдө алынды деп катталган. Бул факты боючна “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы кармалды.

Кылмыш ишин тергөө учурунда тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала келтирилген чыгым 57 миллион сомго жакынды түзгөн.

Кармалган бөлүм башчы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты