«Кылым шамы» митингдерди тыйган чечимге каршы сотко кайрылды

  • 1 год мурун

«Кылым шамы» укук коргоо борборунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Биринчи Май райондук сотунун Бишкектин айрым жерлеринде жыйын өткөрүүгө тыюу салган чечимине каршы арызданды.

5-декабрда “Азаттыкка” берген маалыматына караганда, ал арыз менен Бишкектин административдик сотуна кайрылды.

Абдирасулова муниципалдык бийликтин тыюу салуу тууралуу арыздарын карап, айрым мыйзам бузууларды аныктаганын айтып, “соттор нотариуска айланып калыптыр” деген пикирин билдирди. Анын айтымында, чектөө тууралуу чечимдер соттордо жарандык иш катары каралган, андыктан аларга мындай чечимге каршы тараптар да катышышы керек болчу.

1-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту милициянын аталган район аймагында митинг өткөрүүгө салган тыюусунун мөөнөтүн быйылкы жылдын 31-декабрына чейин узартуу тууралуу чечимин мыйзамдуу деп тапкан. Жыйындарды Эркиндик бульварында да, анын Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки тилкесинде өткөрүүгө да тыюу салынган.

Ошентип, бүгүнкү күндө Бишкектин Ала-Тоо аянтында, Эркиндик бульварында, Жогорку Кеңештин, Өкмөт үйүнүн, Жогорку Соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тегерегинде адамдардын топтолуп, акция уюштуруусуна уруксат жок.

Митинг же пикет өткөрүүнү каалагандар Максим Горький атындагы бакчада чогулса болот. Ала-Тоо аянтында мамлекеттик же муниципалдык иш-чаралар гана өткөрүлө алат.

Райондук милициянын жогоруда аталган жерлерге митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимин 11-мартта райондук сот колдогон. Сентябрда тыюунун мөөнөтү 2-декабрга чейин узартылган.

Темир жол бекетинин алдынан чогулуп, Эркиндик бульвары аркылуу Чүй проспектисине чейин, андан ары Ала-Тоо аянтына чогулган жарандык акциялар Бишкекте 2020-жылдын ноябрынан бери байма-бай өткөрүлүп келчү. Анда бийликти сындаган, сөз эркиндигин жана адам укуктарын колдогон, коррупцияга каршы реалдуу күрөштү талап кылган ураандар айтылчу.

Бийлик өкүлдөрү тыюу салган чечимдер мыйзам чегинде кабыл алынганын айтып келишет.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты