Кылмыштуу чөйрө түзүү фактысы боюнча ИИМ түзүм кызматкерлери кармалды  

  • 6 месяцев мурун

р16-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) пара талап кылуу жана кылмыштуу чөйрөнү түзүү же ага катышуу фактысы боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматтын кызматкери, милициянын майору М.3.М. жана Биринчи май райондук ИИБ кызматкери, милициянын капитаны И.К.Ж.ны кармады.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул кызматкерлер Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын  кызматкерлеринен турган кылмыштуу топ менен түздөн-түз байланышта болгондугу, алар кылмыш ишин козгоо шылтоосу менен баңгизатын жеке колдонуу үчүн сатып алууну көздөгөн адамдардан акча талап кылуу менен алектенгендиги аныкталды.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты