Кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга шектүү фармкомпания боюнча тергөө иштери жүрүүдө

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана тергөө кызматынын тарабынан ишмердүүлүгү кирешелерди адалдоого шектелген фармацевтикалык компанияны аныкташкан. Тергөөнүн жүрүшүндө жаза-процессуалдык кодексинин 96, 97-беренелеринин негизинде «RO» жана «RO» ЖЧКнын директору А.Э. жана аталган фирманын бухгалтери 1960-жылы туулган Ц.Л. кармалып, Бишкек шаардык ИИББдин Убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Биринчи май райондук соту тарабынан айыпталуучуларга бир айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстандын аймагында экономикалык иш жүргүзгөн аталган фармкомпаниялар түйүндөрү аркылуу дарыканаларда дары-дармектердин айрым түрлөрүн сатышкан. Дары-дармектерди сатуудан түшкөн акча жашырылып, мындай операциялар бухгалтердик эсепке алынган эмес.

Чогултулган материалдардын негизинде ИИМдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүндө «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)» каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган компаниянын башкы кеңсеси Азербайжанда жайгашкандыгы, ошондой эле бир нече филиалдары жана медициналык клиникалары бар экендиги аныкталган. Кыргыз Республикасынын аймагында «RV» жана «RO» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун филиалдары 2018-жылы катталган. Ишмердүүлүгүнүн түрү — фармацевтикалык товарларды дүң сатуу болуп эсептелет, анын негиздөөчүсү жана жетекчиси 1987-жылы туулган Азербайжандын А.Э. жараны болуп аныкталган.

Жогоруда аталган фармацевтикалык компаниянын өкүлдөрү менен дарыгерлердин ортосунда макулдашуу болгондугу тууралуу маалыматтар бар, алар мындан ары кардарларды “жогоруда аталган фирмалардын” дары-дармектерин сатып алууга ынандырышкан. Акырында медицина кызматкерлери сатылган дары-дармектердин наркынан “пайыздарды” алып келгендиги аныкталган. Көрсө айрым дарыгерлер өздөрү дары-дармектерди сатууну ишке ашырууга көздөп, оорулуу жарандарга жогоруда аталган компаниядан сатып алууну сунушташкан.

Ички иштер органдары тарабынан көрсөтүлгөн даректер боюнча тинтүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө бухгалтердик жана финансылык документтер, жок кылууга даярдалган тытылган каржылык документтер, мөөр, ноутбук, компьютерлер жана дары-дармектер аныкталып алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө жаза-процессуалдык кодексинин 96, 97-беренелеринин негизинде «RO» жана «RO» ЖЧКнын директору А.Э. жана аталган фирманын бухгалтери 1960-жылы туулган Ц.Л. кармалып, Бишкек шаардык ИИББдин Убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Биринчи май райондук соту тарабынан айыпталуучуларга карата бир айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Фармацевтикалык компаниянын мындай аракеттери өлкөнүн калкынын ден-соолугуна түздөн-түз коркунуч туудурарын, ошондой эле мамлекеттин экономикалык коопсуздугуна доо кетирерин белгилей кетүү зарыл.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты