Кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга шектүү кайрадан камалды
- 12 месяцев мурун
Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун ишин каржылоо фактысы боюнча катталган кылмыш ишинин материалдарынын негизинде, кылмышка шектүү катары КР жараны — А.Ж.С. (КР Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери) кайрадан кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Ал буга чейин КР атайын кызматы тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн Өзбекстан уюшкан кылмыштуу тобунун лидери С.Абдувалиевдин ишмердүүлүгүн активдүү каржылап жүргөн.
Маалыматта белгиленгендей, 2024-жылдын декабрь айында айыпталуучу А.Ж.С.тин камакта кармоо түрүндөгү баш коргоо чарасы башка жака кетпөө түрүнө өзгөртүлгөн. Бирок тергөө-иликтөө иштеринин жүрүшүндө айыпталуучу тарабынан соттук чаранын шарттарын бир нече жолу бузуу фактылары аныкталган.
Айыпталуучу тергөө органдарынын чакырууларына келбей, процессуалдык милдеттерди аткарбай койгон.
Соттук чаранын шарттарын бузгандыгын эске алуу менен, айыпталуучу А.Ж.С.тин баш коргоо чарасы, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесинде камакта кармоо түрүнө өзгөртүлдү.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




