Кылмышка шектүү экс-башкы эсепчи өлкөдөн чыгуу аракети учурунда кармалды

  • 8 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Бишкек шаарынын Свердлов райондук билим берүү борборунун кызмат адамдары мамлекетке 8 миллион 637 миң сом зыян келтирилгени текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган. 2-сентябрда райондук билим берүү борборунун мурдагы башкы бухгалтери Н.М. бул ишке катыштыгы бар экенин билип калып, мамлекеттен чыгууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды.

Ал тергөө органына биринчи чакыруу боюнча келүүдөн жана тергөөдөн жашырынууга аракет кылган.

Аталган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору кабарлады.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты