Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилди
- 12 месяцев мурун
Президент Садыр Жапаровк кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.
Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Маалыматта айтылгандай, бул мыйзамдын максаты адамдын банктык картасын, эсебин, электрондук капчыгын, мобилдик банкингин, SIM-картасын же башка финансылык реквизиттерин үчүнчү жактарга берүүсүнө же сатуусуна жол бербөө болуп саналат, бул IT-технологиялары аркылуу жасалган кылмыштардын деңгээлин азайтууга өбөлгө түзөт.
Белгиленгендей, мыйзам менен кылмыш-жаза кодексин электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу үчүн жоопкерчиликти белгилеген ченем менен толуктоо сунушталат (2091-берене). Ошол эле учурда “электрондук төлөм каражаттары” деген түшүнүк аныкталат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




