Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнү. Кандай жетишкендиктер бар?  

Бүгүн, 26-июнда, кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнүндө “Сорос-Кыргызстан” фонду Кыргызстандын зордук-зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүүдөгү жетишкендиктери менен бөлүштү.

2014-жылы “Сорос-Кыргызстан” фондусунун колдоосу менен өлкөбүз биринчилерден болуп “Стамбул протоколу” аттуу эл-аралык стандарттарды кабыл алып, анын жоболорун активдүү ишке ашырууда.

Бул протокол өлкөдөгү кыйноолор, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, балдарга карата болгон зордук жана ырайымсыз мамиле кылуу учурлары менен натыйжалуу күрөшүү максатында жасалган.

Стамбул протоколунун Кыргызстанда колдонулушу олуттуу жыйынтыктарды берди.

Биринчиден, ал зомбулук фактыларын иликтөө жана документтештирүү системасын жакшыртууга салым кошкон. Протокол юристтер, саламаттык сактоо адистери жана укук коргоо органдары үчүн алардын кесипкөйлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн конкреттүү көрсөтмөлөрдү жана стандарттарды сунуштайт;.

Экинчиден, Стамбул протоколу зомбулук көйгөйү жана анын кесепеттери тууралуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатат. Ал коомдук диалогду, ресурстарды  мобилизациялоону жана мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын жана коомчулуктун ортосундагы кызматташууга көмөктөшөт.

Мындан тышкары, протокол зордук-зомбулуктун курмандыктарын укуктурын коргоосун күчөтүүгө жана аларга керектүү жардам жана колдоого жетүүсүн камсыздоого салым кошот.

Анда жабырлануучулардын укуктарын коргоонун жана зомбулуктун кайталанышына жол бербөөнүн маанилүүлүгү баса белгиленет.

Ошондой эле бул стандарттарды кабыл алган  мамлекеттерди жабырлануучуларды коргоо жана колдоо механизмдерин иштеп чыгууга милдеттендирет.

“Жабык мекемелердеги зордук-зомбулуктар, аялдарга жана балдарга болгон үй-бүлөлүк жана сексуалдык мүнөздөгү зордуктар туурасында билдирүүлөр дайыма түшүп жатканына байланыштуу Кыргызстан Стамбул протоколунун стандарттарын киргизүү боюнча өз аракеттерин чукул арада жандандырышы зарыл.

Документтештирүүдө жана күнөөлүү тарапты жоопко тартуу максатында зордук учурларын кийин иликтөөдө медицина кызматкерлеринин негизги ролун эске алуу менен, биринчи кезекте саламаттык сактоо министрлигинин деңгээлинде улуттук протоколдорду жаңыртуу керек. Ал эми Стамбул протоколунун өзү акыр аягы Министрлер кабинетинин деңгээлинде саламаттык сактоонун бардык тутумдары үчүн бекитилиши зарыл.

Биз ошондой эле президенттик администрацияга караштуу балдар укугу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү балдарга болгон зордук-зомбулукту медициналык документтештирүү боюнча жаңы эл аралык стандарттарды саламаттык сактоонун жана ведомстволор аралык жооп кайтаруу тутумуна киргизүү маселесин өзгөчө көзөмөлгө алат деп ишенебиз” деп баса белгиледи “Сорос-Кыргызстан” фондунун аткаруучу директору Нуриана Картанбаева.

Стамбул протоколунун Кыргызстанда колдонулушу сот адилеттигин жакшыртууга, адам укуктарын коргоого жана зордук-зомбулуктун алдын алууга өбөлгө түзөт. Бул өлкөгө негизинен кыйноолор жана катаал мамиленин кыйынчылыктарын жеңүүгө жардам берет жана ошондой эле коопсуз коомго карай кадам таштаганга жол ачат.

Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнү. Кандай жетишкендиктер бар?  
Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнү. Кандай жетишкендиктер бар?  
Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнү. Кандай жетишкендиктер бар?  
Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнү. Кандай жетишкендиктер бар?  
Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнү. Кандай жетишкендиктер бар?  
Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнү. Кандай жетишкендиктер бар?  
Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнү. Кандай жетишкендиктер бар?  
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты