МинКаб төрагасы кардиология борборундагы оңдоо иштерин үч ай ичинде аяктоону тапшырды
- 2 месяца мурун
21-февралда Адылбек Касымалиев Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтундагы оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. МинКаб төрагасы Кардиология жана терапия улуттук борборундагы оңдоо иштерин үч айдын ичинде аяктоону тапшырды.
Өткөн жылдын февраль айында мекеменин имаратынан өрт чыккан. Оңдоо иштери аяктоо стадиясында турат. Ички конструкциялар демонтаждалып, терезе блоктору орнотулуп, жылытуу системасы, санитардык-техникалык системалар жана электр менен камсыздоо кабель линиялары алмаштырылды.
Сырткы жасалгалоо, желдетүү жана фасаддык иштер аяктады, газификатордук бөлмө курулду, кычкылтек түтүктөрү тартылды, ламинардык шыптар жана рециркуляциялык колонналар орнотулду.
Операциялык блоктун жана медициналык бөлмөлөрдүн толук кандуу иштеши үчүн зарыл болгон инженердик чечимдер (түтүн чыгаруу системасы, желдетүү жабдуулары, кычкылтек идиши, медициналык вакуумдук станция) жүргүзүлдү. Белгиленгендей, институтка 270 миллион сомго медициналык жабдуулар сатылып алынган.
Министрлер кабинетинин башчысы мекемедеги оңдоо иштерин үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин сапаттуу жана өз убагында бүткөрүүнү тапшырды.
Сүрөт: gov.kg




