Онкология поликлиникасында: Узун кезек, бейтаптар үчүн шарт жетишсиз
- 4 недели мурун
Бул көрүнүштөргө бүгүн, 14-майда, Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Бишкектеги онкология улуттук борборунун поликлиникасын күтүүсүздөн инспекциялап барып, өз көзү менен көрдү.
Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат берилди.
Инспекциянын жүрүшүндө медициналык тейлөөнү уюштуруу жана ички иштерди координациялоо боюнча бир катар кемчиликтер аныкталды.
Министрлер кабинетинин башчысы мекеменин ишин талаптагыдай уюштурбагандыгы үчүн жооптуу жетекчилерди сынга алып, онкологиялык дарттары бар бейтаптар мындай дарылануу шарттарына туш болбошу керектигин баса белгиледи.
«Онкологиялык борборго келген ар бир адам өтө оор физикалык жана эмоционалдык абалда болот. Мамлекет сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө, өз убагында кабыл алууну жана тийиштүү дарылоону камсыз кылууга милдеттүү» деп белгиледи Касымалиев.
Инспекциянын акырында Саламаттык сактоо министрлигинин жана медициналык мекеменин жетекчилигине бир катар тапшырмалар берилди.

Сүрөттөр: gov.kg




