Кар көчкү алдында калган чабандын сөөгү табылды

  • 3 недели мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулары тарабынан кар көчкү басып калган 59 жаштагы Д.А. аттуу кишинин сөөгү бүгүн, 18-февралда табылып, кар алдынан чыгарылды.

Издөө ишине бүгүн 70 адам жана атайын издөө шаймандары тартылган.

12-февралда Чүй облусунун Суусамыр айыл аймагындагы Кызыл-Ой айылынын Бороондуу жайлоосунда 1967-жылы туулган Д.А. аттуу эркек кишини 50 баш кой, 1 аты менен кар көчкү басып калган. Ошол убактан тартып, издөө иши тынымсыз улантылып келген.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты