Куткаруучулар капчыгайда бутун кокустатып алган россиялык туристке жардам көрсөтүштү
- 1 месяц мурун
- Видео
Кечээ, 8-ноябрда түнү менен куткаруучулар россиялык 29 жаштагы альпинистке жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Алар туристке медициналык жардам берген соң, саат 22:00дө жабырлануучуну алып “Шаркыратма” тилкесине жетишти. Куткаруучулар туристти саат 23:50гө карата “Рацека” лагеринен түшүрүп, Бишкек шаардык №4 ооруканасына жеткиришкен.
Маалыматта айтылгандай, жабырлануучу Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу “Ала-Арча”капчыгайында «Хижина Рацека» чокусунан бутун кокустатып алгандыгын ӨКМдин тиешелүү кызматтарына билдиришкен.
Россиялык жаранга жардам көрсөтүүгө Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында нөөмөттө турган төрт куткаруучусу жөнөтүлгөн.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




