Куткаруучулар кудукка түшүп кеткен 65 жаштагы жаранды куткарды   

  • 1 неделя мурун

Кечээ, 6-апрель күнү саат 16:44тө Баткен шаарынын “8-Март” көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде 65 жаштагы тургун өз короосундагы суу кудугуна түшүп кеткен.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.  

Окуя болгон жерге ӨКМдин Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылган.

Куткаруучулардын ыкчам аракетинин натыйжасында саат 16:49да аталган жаран кудуктан чыгарылып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты