Куткаруучулар жанын кыюуга бел байлаган кишини аман алып калышты  

  • 2 года мурун

Бүгүн, 14-ноябрда, саат 16:44тө өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “112” кызматына Бишкек шаарынын Ленин районунун Гагарин жана Юдахин көчөлөрүнүн кесилишинде салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан (1995-жылы туулган) К. у К. аттуу жаран өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Куткаруучулар аны аман алып калышты.

Кырсык болгон жерге Бишкек шаардык куткаруу кызматынын  куткаруучулары  чыккан. Куткаруучулар аталган жаран менен сүйлөшүп, 9- кабаттан аман-эсен түшүрүп, “Тез жардам” кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Маалыматты ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөттө: Жаран ушул курулуштун 9-кабатынан секирмек болгон. Министрликтин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты