Куткаруучулар россиялык эки альпинистти тик учак менен куткарышты

Ала-Арча капчыгайынын “Байчечекей” чокусунда калган россиялык эки альпинист куткарылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, кечээ, 20-августта, Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ала-Арча капчыгайында жайгашкан “Байчечекей” чокусуна Ильюшинка 4б багыты менен чыгып, кайтып келаткан Россиянын эки альпинисти караңгыда жол таппай, тоодо түнөп калышкан.

Аталган чоку деңиз деңгээлинен 4515 метр бийиктикте жайгашкандыктан, куткарууга ӨКМдин AIRBUS H125 тик учагы тартылып, саат 6:55те чокуда калган альпинисттер тик учак менен Бишкек шаарына саат 7:19да алынып келинген. Өз убагында ӨКМдин апааттык медицина кызматынын дарыгерлери алгачкы жардамдарын көрсөтүштү.

Альпинисттерди куткарууга ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун “Эдельвейс” кошунунун куткаруу тобу (командири, лейтенант Эльдар Эсенбеков) куткарууга тартылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты