Куткаруучулар беш жашар баланын сөөгүн табышты

  • 4 месяца мурун

Бишкек шаарынын куткаруучулары дайынсыз болуп жаткан беш жашар Алихан аттуу баланын сөөгүн алып чыгышты.  

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Бишкектин “Мурас ордо” конушунда 2018-жылы туулган А.А. аттуу бала дайынсыз жоголгондугу тууралуу 14-январда саат 19:28те “112” кызматына маалымат түшкөн.

Аны издөөгө ӨКМдин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын беш куткаруучусу тартылып, түнү менен издешкен. Мындан тышкары издөөгө ИИМ кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар да катышкан.

Маалыматка ылайык, беш жашар А.А аутизм менен жабыркап келген.

Сүрөт: ӨКМ  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты