Куткаруучулар ашууда жоголгон беларуссиялык жаранды аман-эсен тапты  

Нарындын Калмак-Ашуусунан изделип жаткан белоруссиялык Д.М. аттуу жаран куткаруучулар тарабынан аман эсен табылды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, 19-сентябрда Нарын облусунун Кочкор районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 275-чакырымында (Калмак-Ашуу ашуусу) “МАН” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа ашуудан чыга албай, жолду тосуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Унаанын ээсин издөө иши тынымсыз уланып, аны издөөдө аймакта пландын негизинде башка иш боюнча учуп жүргөн ӨКМдин тик учагы бийиктиктен издөөгө жардамга келген.

Изделип жаткан жаран 20-сентябрда саат 11:00 чамасында Соң-Көл жайлоосунан табылган. Жарандын абалы канааттандырарлык. Учурда куткаруучулар ашууда калган жүк ташуучу унаанын бузулган тетигин оңдоого жардам берип жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: Видеодон алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты