Ашууда калган Беларусь айдоочусу изделүүдө

  • 7 месяцев мурун

19-сентябрда Кочкор районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 275-чакырымында (Калмак-Ашуу ашуусу) “МАН” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа ашуудан чыга албай, жолду тосуп калгандыгы тууралуу кабар түшкөн. Куткаруучулар барганда ал жактагы унаа ичинде айдоочусу жок экендигин аныкташкан. Айдоочу Беларусь жараны экендиги белгилүү болгон

Маалыматта айтылгандай, 19-сентябрда, саат 23:15те ал жерге өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кочкор райондук бөлүмүнөн үч куткаруучу тартылган. Бирок куткаруучулар жерине жеткен учурда токтоп турган унаанын айдоочусу жок болуп чыккан. Маалыматка ылайык ал Беларусь өлкөсүнүн жараны.

Куткаруучулар издөө ишин улантып жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты