Куткаруучулар Аламүдүн  суусуна агып кеткен жарандын сөөгүн алып чыгышты

  • 2 года мурун

Кечээ, 3-августта, Чүй облусунун Аламудун районуна караштуу «Кой-Таш» эс алуу борборунун жанында 24 жаштагы бала сууга тушуп агып кетти деген маалымат түшкөн.

Мындан улам Аламудун райондук куткаруучулар саат 18:05те кырсык катталган жерге чыгып кетишкен.

Агымы шар Аламүдүн суусуна агып кеткен А.М. аттуу 24 жаштагы жигиттин сөөгүн саат 20:26да куткаруучулар алып чыгып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты