Кутаиси-Бишкек: Аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланууда

  • 10 месяцев мурун

Кыргыз Республикасынын Грузиядагы элчиси Кайрат Осмоналиев Грузиянын аэропорттор ассоциациясынын директору Ираклий Каркешадзе менен жолугушту. Жолугушууда тараптар Кутаиси менен Бишкектин ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Ираклий Каркешадзе Кутаиси эл аралык аэропорту жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшүнөн улам авиакомпаниялар үчүн жагымдуу болуп баратканын белгиледи. Ал Грузиянын аэропортторунун ассоциациясы Грузия менен Кыргыз Республикасынын ортосунда түз аба каттамдарын өнүктүрүүнү колдоого даяр экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап тең бул демилгенин ийгиликтүү ишке ашарына үмүт артышты.

Маалымат үчүн: 2023-жылдын биринчи кварталында Кыргызстандан Грузияга 3432 мейман барган. 2022-жылы алардын саны 14 218 адамды түздү, бул 2019-жылга салыштырмалуу 7%га көп.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты