“Курулушчулардын шилекейи куюлууда”. Депутат СИЗОнун ордуна үй эмес, паркинг жана парк курууну тургундар суранып жатканын айтты  

Бишкек шаарынын Горький көчөсүндөгү тергөө абак жайы башка жакка көчүрүлүп жатканы жакшы экенин, бирок ал жактын тургундары СИЗОнун ордуна көп кабат турак жай эмес, жер алдындагы паркинг жана үстүнө парк курууну сунуштап жатканын билдирди.      

-СИЗОНун ордуна эмне курулат деп, тургундар тынчсызданып, көп кабаттуу үй салбоону өтүнүүдө. Тургундар ал жакка жер алдындагы паркинг жана үстүнө парк салууну суранууда. Ал жерди көрүп, курулуш компанияларынын, мамлекеттик ипотекалык компаниянын, мэриянын шилекейи куюлуп жатат, чын эле жакшы жер да. Бирок жарандардын ден соолугу тууралуу ойлонолу. Эгерде парк курулса, Октябрь районунун эле эмес, Бишкектин башка райондорунун көптөгөн тургундары да ал жакка келет. Элестетсеңер, шаардын борборунда парк болгон сонун да. Албетте, бак-дарактардан анчалык акча таба албайсың. Бирок… Мен сиздерден абдан суранам, ал жакка жер алдына паркинг жана үстүнө парк тургузгула. Ал эми үй кура турган жер табылат, -деди депутат Дастан Бекешев.      

Бул тууралуу сунушту депутат Дастан Бекешев бүгүн, 25-ноябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Бишкектеги №1 тергөө абагы шаар сыртына чыгарыларын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кабарлаган.

Сүрөттө: Тергөө абагы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты