Курулуш объектилериндеги кырсыктар боюнча жооптуу адамдар кармалды
- 1 месяц мурун
Бишкек шаарындагы курулуш объектисинде болгон кырсыктардын бири боюнча 2025-жылдын 13-майында Бишкек шаары боюнча архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы К.Т. жана ири курулуш компанияларынын биринин башкы директору М.Э. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
УКМКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине келип түшкөн статистикалык маалыматтарга ылайык, 2022-жылы курулуш объектилеринде бийиктиктен кулоонун 11 учуру, 2023-жылы 73 учур, 2024-жылы 172 учур жана 2025-жылдын 3 айында 30дан ашуун учур катталган.
Анда белгиленгендей, буга Курулуш министрлигинин архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин жооптуу кызмат адамдары тарабынан коопсуздук техникасынын сакталышына талаптагыдай эмес көзөмөл жүргүзүү жана курулуш компаниялары тарабынан курулуш объекттеринде коопсуздук техникасынын сакталышы боюнча нормаларды талаптагыдай эмес уюштургандыгы себеп болгон.
“Ошол эле учурда курулуш компаниялары өздөрүнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, жабыркагандардын туугандарына пара берип, дооматы жок деген арызды алып, анын ичинде кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган жоопкерчиликтен качышат. Өз кезегинде Курулуш министрлигине караштуу Архитектура-курулуш көзөмөлү башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери мындай көрүнүштөрдү болтурбоо боюнча иштиктүү чараларды иштеп чыгуунун жана көзөмөлдөөнүн ордуна, курулуш уюмдарынын өкүлдөрү менен тил табышып, коопсуздук талаптарын сактабастан курулуш иштерин уюштурууга мүмкүнчүлүк берип жатышат” деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы