Курулуш министрлигиндеги кызматкерлердин айлыктары боюнча министр Орунтаев түшүндүрмө берди
- 4 недели мурун
Социалдык тармактарда курулуш министрлигинин кызматкерлеринин айлыктары боюнча талкууга министр Нурдан Орунтаев Фейсбук баракчасында түшүндүрмө берди.
-Биздин бардык департаменттерибиз өзүн-өзү камсыздоо механизми менен иштеп келет. Бизде орточо айлык маяна 150 миң сом, ал эми кээ бир департаменттерде 500 миң сомго чейин айлык маяна алат. Тагыраак айтканда ким кандай иштесе, ошончо айлык алат,-деди министр Орунтаев.
Алардын көпчүлүгү архитектор, куруучу, конструктор, инженерлер жана алардын иши эмгек базарында баалана турганын, көп кабаттуу, оор инженердик объектилердин курулушунун тийиштүү документтерин жана долбоорлорун текшерип, ошол объектилерге жооп берүүчү кызматкерлер экени да айтылды. Ошол себептен алар ушундай айлык маяна алат.
-Тийиштүү билими бар жана иштөөгө даяр жарандар үчүн эшигибиз ар дайым ачык. Тиешелүү профилдеги адистер бизге келип иштеңиздер,-деди министр.
Орунтаев “Ала-Тоо 24” телеканалына берген маегинде курулуш министрлигиндеги кызматкерлердин айлыгы орточо 150-160 миң сомго, айрымдары 200 миң сомго чейин аларын билдирген.
Сүрөттө: Нурдан Орунтаев. Интернет булактарынан




