Курулуш компаниясынын башкы директору кармалды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаарындагы филиалынын мурдагы жана азыркы кызматкерлери, жеке нотариустардын жана Бишкек шаарындагы курулуш компаниялардын биринин башкы директору катышкан кылмыштуу топтун бети ачылды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Бул кылмыштуу топ Бишкек шаарында бир катар кыймылсыз мүлкү бар жарандарды аныктап, аларга айтпай жасалма келишимдерди түзүп, ошону менен кыймылсыз мүлктүн ээлерин алмаштырып, андан кийин кылмыштуу аракеттерин жаап-жашыруу үчүн “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине пара берүү жолу менен кыймылсыз мүлктүн электрондук базасына жалган маалыматтарды киргизишкени аныкталды.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында курулуш компаниянын биринин башкы директору А.М. кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Курулуш компаниясынын башкы директору кармалды

Сүрөттө: Курулуш компаниясынын кармалган директору. УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты